Домой Саясат Жапаровдун шайлоо штабын Тургунбеков жетектейт

Жапаровдун шайлоо штабын Тургунбеков жетектейт

Канатбек Тургунбек

Садыр Жапаровдун шайлоо боюнча республикалык штабын бир кезде Финансы полициясынын төрага орун басары болгон Канатбек Тургунбеков башкарары айтылууда. Буга чейин саясатка көп деле аралашпаган Тургунбековдун Жапаровго эмнеси өтүп, эмнеси менен жакканы белгисиз. Тургунбеков бир кезде “Кыргызстан” партиясынын катарында жүрүп, депутаттыкка талапкер дагы болгон. 2017-жылы аталган партиянын лидери Канатбек Исаевге каршы чыкканы белгилүү. А түгүл Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, “Кыргызстандын” атынан Канат Исаевдин талапкер болгону мыйзамсыз экенин айткан жайы бар.

Канатбек Тургунбековдун Жапаровдун штабын жетектеши Канат Исаев менен Садыр Жапаровдун мамилесин дагы начарлатып, чыңалууну күчөтсө керек.

50 жаштагы Канатбек Тургунбековдун жердиги Нарындын Чет-Нура өрөөнүнөн. Буга чейин дал ушул өрөөндө туулуп өскөн Сабыркул Ашымбаевди Жапаров өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү кылып дайындаган эле.