Домой Саясат Уу коргошун ичип жүргөн министр коронавирус менен ооруп жатат

Уу коргошун ичип жүргөн министр коронавирус менен ооруп жатат

Сүрөт: live.kg

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 инфекциясына чалдыкканын  kaktus.media сайтына билдириптир.

“Мен деле адаммын. Эки күн мурун өзүмдү жаман сезип жаткам, бүгүң абалым жакшы. Эртең андан да жакшы болот. Мен уу коргошун гана ичип жатам. Иш бөлмөмдө обочолонуп, аралыктан иштеп жатам. Анткени, азыр иштей турган убак”,  – деген ал.

Министр мырзага ден соолук каалайбыз, бирок аты жаман оору өлкөдө күчөп турган чакта коронавирустан айыктыра турганы далилденбеген уу коргошунду кайра-кайра жарнама кылганын кандай түшүнсөк болот? Вакцина сатып алууга бюджетен каражат бөлүнсө дагы келишимдер түзүлбөй, ишти кечеңдетип жаткандыгы үчүн жакында эле Улукбек Мариповдон жеме укту. Буга чейин жалаң калптары менен элге таанылган министр креслосун кучактап жүрө бербей, иштин көзүн билген жаштарга орун бошотуп бербейби? Президенттин канатына качанкыга чейин калкаланып отура берет?