Домой Саясат Уста: акүйгө айылдагы складга коюлган эшиктерди коюп жатабыз

Уста: акүйгө айылдагы складга коюлган эшиктерди коюп жатабыз

Кыргызстандын эң маанилүү имараты акүй өтө начар ремонттолууда. Бул тууралуу атын атагысы келбеген акүйдү ремонттоп жаткан усталардын бири билдирип, сүрөтүн жөнөттү.

“Жогорку Кеңеште 6-октябрдагы баш аламандыктар кабинеттердин эшик, айнектери талкаланган.  Эми ошолорду калыбына келтирүү үчүн тендер жарыяланып, 2600 сомдук эшиктерди 7400 сомдон коюп жатабыз. Жогорку Кеңештин жетекчилери Кыргызстандын хан ордосу болгон акүйдү бөлүнгөн акчаны көзөмөлдөп, сапаттуу бүтүрүүнүн ордуна, айылдагы складдарга койгон эшиктерди акүйгө коюшууда. Бул эшиктер базарда 2600 сом тураарын каалаган адам текшерип алса болот. Мен көп жылдан бери үйлөрдү ремонттоп иштеймин, бир топ депутаттардын үйүнө эшик койгом, ушул сапатсыз эшиктерди акүйгө коюп жатканыма өзүм уялып, намыстанып жатам”,-деди акүйдү ремонттоп жаткан усталардын бири.

Эл эмнеге нараазы болуп жатканы али күнчө ак үйдүн аткаминерлерине жетпегендей көрүнөт. Ал эми бул биз билгени, биле элегибиз канча?