Домой Саясат УКМК укуругу “икрамчы” Исакуловго жеттиби?

УКМК укуругу “икрамчы” Исакуловго жеттиби?

УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакуловго иш козгоп, суракка алып жатканын уктук. Өлкөдөгү бардык мамлекеттик ишканалар, мүлккө ээлик кылып, бирок эффективдүү иштете албаган фонддун жетекчиси эки-үч эпизод боюнча айыпталып жатат. Иш боюнча Исакуловдун орун басарлары суралып, алар көрсөтмө да берген экен.

Мындай жол менен кетсе Жылдызбек Исакуловду камакка алуу маселеси көтөрүлөт окшобойбу…

Жылдызбек Исакулов Мүлк фондуна жетекчиликке 2019-жылы келген. Ага чейин Баткенде губернатордун орун басары, өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болгон. Дал ушул өкмөттө турганда жердеши, айтылуу шоопур Икрам Илмияновдун эң жакын адамы болуп, далай нерсени кылганын өкмөттөгүлөр айтып жүрүшөт.

Кийин бийлик алмашканда Сооронбай Жээнбековго өтө качып, алгач Баткенде кетип, андан соң Маммүлккө жетекчиликке келген.