Домой Саясат Ташиев кустуруп жаткан депутат Шакиби?

Ташиев кустуруп жаткан депутат Шакиби?

Жогорку Кеңештин бир депутаты кармалып, сегиз жыл мурда жасаган кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат”,-деп УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча бул депутат Кыргызстан партиясынын негиздөөчүсү жана башкы демөөрчүсү Шаки каймана аты бар Шаршенбек Абдыкеримов болушу мүмкүн.

Шаршенбек Абдыкеримов учурда Кыргызстанда эмес экени айтылып келет. Эске салсак өткөн айда УКМК Шаршенбек Абдыкеримов кожоюндук кылган арак чыгарган Аю заводун басып, салык жашыруу аныкталгандынын билдирген. Аю заводу ошондон бери жарым-жартылай гана иштеп жатканы айтылып келет.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары ар алты ай сайын журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, маалымат берип турарын айтты. Ал атайын кызматтын башчысы болуп октябрдагы бийлик алмашуудан кийин дайындалган.