Домой Саясат Ташиев и.о Президент Мамытовду “ты никто” деди

Ташиев и.о Президент Мамытовду “ты никто” деди

Decorative Scales of Justice in the Courtroom

24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат жыйын курду. Өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш, Матраимовдун акчасы, Атамбаевдин ден соолугуна чейин айтып берди.Ташиевдин билдирүүлөрүнө абай салган киши өтө ишенимдүү, өлкөдөгү эң башкы адам менмин деген тариздеги маанайын байкабай койбойт.

Кызыгы Ташиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жаткан чакта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, өлкөнүн жогорку аянтчасында президенттик шайлоого даярдык талкууланып жатты. “Коопсуздук кеңеши” жөнүндө мыйзамдын 5-беренесине ылайык, УКМКнын төрагасы аталган органдын мүчөсү. Тактап айтканда, Ташиев журналисттер менен баарлашпай Коопсуздук кеңешинин жыйынында отурушу керек эле. Камчыбек Ташиев ага барган жок. Тескерисинче, өчөшкөнсүп, ошол маалда маалымат жыйын өткөрүп, коомчулукту өзүнө бурду. Бул и.о. Талант Мамытов “ты никто” деген ишаарат болсо керек.

Убагында, Садыр Жапаров болуп түрмөгө чогуу отурганы менен 2015-жылы “Республика-Ата Журт” партиясынан депутат болуп келген соң Мамытовдун жүзүн буруп кеткени үчүн Ташиев кечире албай жатса керек. А түгүл 2020-жылдагы шайлоодо Ташиев “Мекенчилди” алдыга сүрөп жүргөндө Талант Мамытов акчалуу “Кыргызстан” партиясына өтө качкан эле…