Домой Маданият Тарыхыбыз кулпуланып турат

Тарыхыбыз кулпуланып турат

Жогорку Сот Тарых музейин оңдоо  боюнча райондук, шаардык соттордун чыгарган чечимин жокко чыгарып кайра кароого жиберди. Реконструкциялоо үчүн 5 жыл мурун жабылган Тарых музейи 2018-жылы толук оңдолуп бүткөнүнө карабай ачыла элек.

Тарых музейи жабык экенине карабастан, аны кармоо үчүн 2018-2020-жылдары республикалык бюджеттен 53 256 979 сом короду. Анын ичинен кызматкерлердин айлык-акысына 22 миллион сом, кайтарууга 15 миллион сом, коммуналдык кызматтар үчүн 7 миллион сом.

Реконструкциянын тарыхы

2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган. Кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы пикир келишпестиктен улам түрк тарап музейди оңдоо ишин токтотуп койгон. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.​

Кылмыш иши

Музей иши боюнча коррупция беренеси менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго иш козголуп,  18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыппул салган. Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынган.

Кылмыш иши козголгондуктан Музейди реконструкциялоого катышкан германиялык “Vitrinen und Glasbau Reier GmbH” компаниясына 18 миллион 975 миң 940 сом төлөнүп берилбей калган. Германиялык компания акчаны алмайын музейдин IT-инфраструктурасынын ачкычын берүүдөн баш тарткан.

Келишимге ылайык германиялык компания менен Эларалык арбитраждарда соттошуу 5-6 жылга созулушу мүмкүн.

Тарых музейин чырга айланткан эки дос

Тарых музейин Алмазбек Атамбаев Президент болуп турган кезинде ачууга абдан аракет жасайт. Бирок, Түркиянын биринчи этаптан кийин каржылоону токтотуп коюсунан улам музейдин ачылышы кечеңедеп, кийинки Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы 31-август Эгемендик күнү салтанаттуу ачмак.

Бирок, эки достун тиреши идеологиялык мааниси терең, даңазалуу ачыла турган Тарых музейин, тарыхыбызды да коррупциялык чырга кептеди.

Эми Жогорку Сот Тарых музейи боюнча өкүмдөрдү жокко чыгаргандан кийин, жаңы бийликке келе жаткандар германиялык компаниянын арзыбаган акчасын төлөп берип, тарыхыбыздын кулпусун алабы?