Домой Саясат Шыкмаматов Жапаровдун жуучусу болууда

Шыкмаматов Жапаровдун жуучусу болууда

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жуучусу болууда.

Нарын облусу боюнча штаб башчы деген макамы бар Алмамбет Шыкмаматовдун башкы иши Нарындагы штаб эмес, жуучулук болуп жатканы белгилүү болду. Таасирдүү талапкер чыкпаган Нарындан Садыр Жапаров штаб ачпай деле жеңишке жетээри белгилүү. Ошондуктан Алмамбет Шыкмаматовдун пайдасы Нарында эмес, борбордо тийип жатыптыр.

Акыркы учурда бир катар саясатчылар Садыр Жапаров менен жолугуп чыккан соң, ойлорун өзгөртүп, айрымдары колдоорун жарыялоодо. Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз дагы Жапаров менен чай ичип чыгып эле талапкерлигин алып салды. Шер-Нияз жолугушуу Шыкмаматовдун ортомчулугу менен өткөнүн да ачыктаган. 2-декабрда депутат Дастан Бекешовду киргизип, аны да далыга таптап чыгарган.

Чынында Алмамбет Шыкмаматов башкы жуучу болуп жатканын ишенимдүү булактар дагы тастыктады. Ошентип Жогорку Кеңеште жортуп, ким кандай көз карашта, кимге кандай сүйлөө керек экенин жакшы билген Алмамбет Шыкмаматов саясатчыларды Садыр Жапаровго имерип берүүдө…