Домой Саясат Садыр Жапаровдун Оштогу штабы тынч эмес

Садыр Жапаровдун Оштогу штабы тынч эмес

Өздүк булактардын билдиришинче Ош облусундагы Ата-Журт, Мекенчил партиясынын мүчөлөрү, Садыр Жапаровдун колдоочулары Азамат Арапбаевдин штаб башчы болушуна каршы болушууда.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Ош облусундагы штабын депутат Азамат Арапбаев жетектейт деген сөз жүрүүдө. Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунан добуш алып берүүнү депутат Улан Примов убадалап, штабын жетектээри айтылып келет.

Азамат Арапбаев менен Улан Примов 2015-жылы КСДП партиясынан депутат болуп келген, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Асылбек Жээнбековдуку деген Биримдик партиясы менен шайлоого барып, Ош облусундагы штабын жетектешкен.

Буга чейин Жээнбековдордун Биримдик партиясынан талапкер болуп барган Жусупбек Коргонбай уулу Садыр Жапаровдун Ноокат району боюнча штаб башчысы болуп дайындалдым деп жарыялап, мекенчилдердин сынына кабылган.

Октябрь айындагы шайлоодо массалык добуш сатып алууну уюштуруп, оппозициялык партияларга бут тосуп, революцияга жеткирген эски бийликтин адамдары кайра эле жаңы бийликтин штабдарын жетектеп жатканы кандай?