Домой Саясат Садыр Жапаровдун ишенген кожолору

Садыр Жапаровдун ишенген кожолору

Президенттикке баш талапкер Садыр Жапаров облустарга штаб башчыларын дайындап, шайлоого шымалана киришип турган чагы.

Саясат турмушу кайнаган, саясатчы аксакалдардын таасири күч, регионалдык фактор аркылуу кайсы бийлик болбосун эсептешүүгө аргасыз кылган Чүй облусундагы Садыр Жапаровдун штабын Мелис Аспеков аттуу жигит жетектөөдө.
Жердиги таластык Мелис Аспеков Садыр Жапаровго эмнеси менен жагып, эң татаал участок Чүй облусундагы штабын жетектеп жатканы белгисиз.

Башчыны башчы кылган ат кошчусу эмеспи. Аспековдун баскан изин карап көрсөң, жалаң жаңжал. А түгүл Какишев деген фамилиясын өзгөрткөнү айтылып жүрөт.
Ал 2010-жылдары коомдук-саясий турмушка активдүү аралаша баштагандан тарта эки жолу абакка отуруп чыккан. 2015-жылы таксиге акча төлөбөй, тапанча менен коркуткан деп 5 жылга соттолгон.  Күчөтүлгөн режимдеги абакка кесилип, кийин жатак абагына которулган. 2017-жылы Президенттик шайлоонун астында УКМК Аспековду депутат Канат Исаев менен башаламандыкты уюштуруу аракетине шектүү деп кармаган.
2017-жылы Президенттик шайлоонун астында Адахан Мадумаров Мелис Аспековду провокацияларды уюштуруп, УКМКга иштеши мүмкүн деп айткан.
Бул боюнча Аспеков Мадумаровду сотко берген. 2019-жылы Аспеков депутат Чыныбай Турсунбековдун байлыгын текшерүүнү талап кылып Башкы Прокуратурага кайрылган. Чыныбай Турсунбеков Мелис Аспеков ири көлөмдөгү акча сурап, бербей койгон соң каралоого өткөнүн Жогорку Кеңеште билдирип, укук коргоо органдарына кайрылган.

5-октябрдагы революциядан кийин 16-октябрда Биринчи Май райондук соту Аспековдун соттуулугун жойду.
Дал ушундай орусча айтканда, «одиозная фигура» болгон Аспеков Садыр Жапаровдун Чүйдөгү жүзү болуп жатат. Чүйлүктөр деле муну кандай кабыл алды болду экен?

Кыргызстандын саясий жашоосунда Чүйдөн кем эмес маанилүү ролду Ош облусу да ээлейт. 10 жылга созулган Жээнбеков-Матраимовдор кланынан тажаган, жаңы бийликтен үмүттөнүп турган Ош облусунун тургундары, лидерлери менен тил табышып, шайлоо штабын жетектөөнү Биримдик партиясынын талапкери, Оштогу штаб башчысы Азамат Арапбаевге ишенип тапшырды деген сөздөр жүрүүдө. Азамат Арапбаев Ош шаарында штаб ача коюп Биримдиктин системасы менен мекеме жетекчилерин чогулта баштады эле, журналисттер тартып чыгарган соң штабын жабып, техникумдун имаратынын ичине штаб ачып алышкан. Ошентип башкы талапкер Садыр Жапаровдун эң маанилүү аймак Ош облусундагы штабы жашынып, корунуп иш алып барууда.

Жапаровдун Талас облусу боюнча штабын ким башкарат али белгисиз. Бирок, Мегаком компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков Жапаровдун Таластагы штабында иштеп жатканын билдирди. Жапаровдун Нарындагы штабын Алмамбет Шыкмаматов жетектээри белгилүү. Арстан Алайдан бөлөк талапкер чыкпаган Нарындан штаб ачпай деле жеңип чыгаары турган иш.

Садыр Жапаровго элдин колдоосу жакшы, рейтинги Атамбаев Бабановдун 2017-жылы рейтинги тууралуу айткандай выше крыши…

Бирок, “Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем”,- дегендей, шайлоо айы штаб башчысын көрүп баа бере турган учур эмеспи.