Домой Саясат Паракор Насирбек Алмаматов Кыргызстанга келди

Паракор Насирбек Алмаматов Кыргызстанга келди

12,5 жылга кесилип, бирок абактан чыгып, коомчулукта резонанс болгон соң кайра камоо тууралуу өкүм чыкканда сыртка качып кеткен Насирбек Алмаматов Кыргызстанга келди. Ага экономикалык амнистия колдонулуп, ээн-жайкын үйүндө жүрөт.

Канча акча төккөнү, чегараны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кылмыш иш козголгону, кимдерге көрсөтмө бергени тууралуу маалымат жок. Жаңы бийлик чыгарган мыйзамга ылайык пара менен кармалгандар алган парасын ордуна койсо эркиндикке кое берилет. Ошондуктан айрым саясатчылар, жарандык активисттер 2021-жылды коррупционерлер үчүн бейиш жыл деп атап келишет.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, буга далил катары атайын видеотасманы да жарыялаган.

Райондук сот Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген. Кийинчерээк Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата Бишкек шаардык соттун чечиминин үстүнөн кассациялык арыз менен кайрылган.

Насирбек Алмаматов Жогорку сот чыгарган чечимге ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Аны камакка алуу максатында жашаган дарегине барган кызматкерлер ордунан таппагандыктан, ага издөө жарыяланып, кармоо иштери жүрүп жатат.