Домой Саясат Пара менен кармалган депутаттын иниси үй камакка чыкты

Пара менен кармалган депутаттын иниси үй камакка чыкты

Жогорку кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин пара менен кармалган бир тууган  иниси үй камака чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы пара менен кармалганын УКМКнын басма сөз кызматынан билдирген.  29-декабрда пара талап кылуу фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Ал 48 жаштагы К.М.А. аттуу кызматкер Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылган.

Ошондой эле, УКМК кармалган кызматкер Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экенин тастыкталган эле.