Домой Саясат Матраимов, Жолдошбаев акүйдүн төрүн ээледи

Матраимов, Жолдошбаев акүйдүн төрүн ээледи

Бир ай мурун акүйдүн 705-кабинетин Өмүрбек Бакиров ээлеп алганын жазган элек, андан кийинкисин кадимки Дастан Жумабеков басып алыптыр, жөн калбай Искендер Матраимов да жетинчиде эңсеген кабинетине кирди. Уялчаак атка конгон Камчыбек Жолдошбаев да куру калбай спикердин кабинетин ээлеп, корстон болуп отурат.

Акүйдүн 7-кабатында Президент, анын аппараты анан Жогорку Кеңештин фракция лидерлери отурчу. Бирок, 5-октябрдагы толкундоодон кийин ким кайсы кабинетти ремонт кылса ошого отурмак болуптур. Өксүк комлекси деп коет эмеспи, Бакиров, Жумабеков, Матраимов, Жолдошбаевдин акүйдүн чокусуна чыгып алышканын кара?!