Домой Саясат Марлен Маматалиев премьер-министр болушу мүмкүн

Марлен Маматалиев премьер-министр болушу мүмкүн

“Депутат Марлен Маматалиев Президенттик шайлоодон кийин премьер-министр болуу үчүн буту үзүлгөнчө чуркап жүрөт. Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун “добросун” да алды”,-деп билдирди Жапаровдун штабындагы ишенимдүү булак.

Эскерте кетсек, Марлен Маматалиев учурда Жапаровго абдан жакын депутаттардын бири болууда. Атасы Абдырахман Маматалиевди Жапаров мамлекеттик кадр кызматына директор кылып дайындаган.

Марлен Маматалиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Раим Матраимовдун “Мекеним Кыргызстан” партиясынан 7-катарда талапкер болуп барган. Революциядан кийин алайлыктарды ресторанга чогултуп, Жапаровду төргө отургузуп, чепкен жаап, тебетей кийгизген.