Домой Саясат Маматалиев “Ынтымак” партиясы менен шайлоого аттанабы?

Маматалиев “Ынтымак” партиясы менен шайлоого аттанабы?

Жогорку Кеңеш депутаты Марлен Маматалиев жаштардан турган “Ынтымак” аттуу партияны жетектеп, парламенттик шайлоого аттанган жатканы тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Эске сала кетсек, буга чейин Марлен Маматалиев премьер-министр болууга аракет жасап жатканын жазган элек. Бирок, “а дегенде тай озот, таманы кызый келгенде сары таман ат озот”, – демекчи премьер-министр болуу үчүн оор калибрдеги саясатчылар киришип Маматалиев четке сүрүлдү.

Учурда Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп жаткан Абдрахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиев 2015-жылы Республика-Ата-Журт партиясы менен депутат болуп келген. 2020-жылкы шайлоодо Мекеним Кыргызстан партиясы менен шайлоого барган эле. 5-октябрдагы окуялардан кийин Садыр Жапаровду жандап жүрөт.

Жаш, активдүү депутаттын партия түзүп жатканы чын болсо, ийгилик каалайбыз!