Домой Саясат Космосбек Чолпонбаев жөөттөнүп жатат

Космосбек Чолпонбаев жөөттөнүп жатат

“Коррупция беренеси менен кармалган мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  жүрөгүм ооруйт деп ооруканага жатып, даарыланып бүтүп эми улуттук хирургия борборуна барып ашказаным ооруйт деп жан сактап жаткан учуру. Кылмыштан качуу максатында ушинтип жүрө берсе болобу?”, – деп суроо салат Улуттук хирургия борборунун кызматкери.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-ноябрга чейин камалган. Биринчи май райондук соту 17-сентябрда ушундай чечим чыгарган.

Чечимге ылайык, Чолпонбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. Бирок, жүрөгү ооруп жатат деп ооруканага которулган.

Чолпонбаев «кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен 15-сентябрда кармалган.