Домой Саясат Эркиндикте эки төңкөрүш жасаган Атамбаев түрмөдө жатып эки төңкөрүш жасайбы?

Эркиндикте эки төңкөрүш жасаган Атамбаев түрмөдө жатып эки төңкөрүш жасайбы?

17-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 65 жашка чыкканына байланыштуу тарапташтарынын митингги болбой калды. Уюштуруу комитетинин мүчөсү Рыскелди Момбеков ар кандай чагымдардан корктук дегендей ишаарат кылды. Көрсө, Атамбаевди абактан чыгарууну талап кылган митингдин болбой калганына, акүй менен көкүйдүн барыңарды четиңерден камайбыз деген коркутуусу себеп болуптур.

Жер тыңшаар маамыттардын айтуусунда бийликтин колунда Алмазбек Атамбаевдин түрмөдөгү сөздөрү бар экен.

Абакта эки жылдан бери жаткан Атамбаев кирген-чыккандарга “эркиндикте жүргөндө эки революция жасагам, түрмөдө жатып дагы эки революция жасаганга күчүм жетет. Бирөөнү былтыр жасадым”,- деп мактанат имиш…

Чынында 2005-2010-жылдары революциянын мотору Атамбаев болгон эмеспи. Ал эми 2020-жылкы төңкөрүшкө жеткирген Жээнбеков-Матраимовго нааразылык арыгын Атамбаев чаап бергенин кантип танабыз.