Домой Саясат Дыйканбаев Зулпукаровго көрсөтмө берүүдөбү?

Дыйканбаев Зулпукаровго көрсөтмө берүүдөбү?

Жакында камакка алынган Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тергөө менен кызматташа баштады, депутат Төрөбай Зулпукаровго көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.

Курманбек Дыйканбаев бийликчил партиянын шайлоо кампаниясына стратегиялык мамлекеттин ишкана жетекчисинен 7 миллион сомду мажбурлап алган деп шектелип кармалган. Бул ишкана ок-дары чыгарган “Дастан” заводу экени, Дыйканбаев ал акчаны шайлоого короткону айтылууда.

Төрөбай Зулпукаров Биримдик партиясынын де-факто штаб жетекчиси болгон, ал партиянын капчыгын кармаганы белгилүү. Буга чейин Биримдик партиясынын алтын тизмесине туруу үчүн акча төккөн талапкерлер Зулпукаровдон доолап жатканын маалымат каражаттары бир нече жолу жазган.