Домой Саясат Депутат “жоголду”, ким көрдү?

Депутат “жоголду”, ким көрдү?

Акыркы учурда депутат Исхак Пирматов жылан сыйпагандай дайынсыз кетти. Жогорку Кеңештин жыйынына көп келбейт, Эларалык комитет жетекчи экенине карабай комитет жыйынын алып барбайт. Жээнбеков бийлигинин тушунда абдан активдешкен Пирматов мырзанын ың-жыңсыз кеткенине эмне себеп?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында “Жогорку Кеңештин бир депутаты кармалып, сегиз жыл мурда жасаган кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат”,-деп билдирди.

Социалдык тармакта бул кайсы депутат болушу мүмкүн деп суроо салгандар көбөйүүдө…