Домой Саясат Депутат “Душка” кармалдыбы?

Депутат “Душка” кармалдыбы?

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Регион телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов “УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин бир депутаты кармалганы тууралуу маалымат алдык. Тийиштүү тактоолордон соң, толук маалымат берүүгө аракет кылабыз”,-деп фейсбук баракчасына жазды.

Учурда кайсы депутат деп шүкшүнгөндөр көп. Бизге жеткен маалымат боюнча ал “Бир Бол” фракциясынан депутат Дүйшөн Төрөкулов. Дүйшөн Төрөкуловдун үстүнөн чет өлкөлүк жаран арызданганы белгилүү болгон.

Анткен менен Дүйшөн Төрөкуловдун кол тийбестик макамы бар. Өтө оор кылмышка же коррупцияга айыпталмайын камап коюга болбойт. Бирок, Ташиевдин журналистти камалды деп жазганына караганда, камап койгон окшобойбу?)