Домой Саясат Депутат Бакиров акүйдүн 7-кабатынан кабинет ээлеп алды

Депутат Бакиров акүйдүн 7-кабатынан кабинет ээлеп алды

Өмүрбек Бакиров

Жогорку Кеңештин катардагы депутаты Өмүрбек Бакиров учурда акүйдүн 7-кабатында отурат. Ал Президенттик аппараттын экс-жетекчи орун басары Алмаз Кененбаевдин кабинетин ремонттотуп, көчүп барып отуруп алган.

7-кабатта Президент анын аппараты жана Жогорку Кеңештин фракция жетекчилеринин кабинети жайгашкан.

Өмүрбек Бакиров же фракция жетекчиси болбосо, же Президенттин аппаратында иштебесе, эмне себептен акүйдүн 7-кабатындагы кабинетти ээлеп алды? Бакиров Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жакын досу экени белгилүү. Демек, Мамытовдун “доссекретарымын” дегендеги кербезиби?