Домой Без рубрики Дастан Дүйшекеев Президенттин тышкы саясатын тейлейт

Дастан Дүйшекеев Президенттин тышкы саясатын тейлейт

Президенттин тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп Дастан Дүйшекеев дайындалганы белгилүү болду.

Дастан Дүйшекеев Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекигенде Премьер-министрдин маалымат катчысы болуп дайындалган. 1987-жылы туулган жаш жигит мурда-кийин кайсы кызматтарда иштегени тууралуу маалымат жок. Узак жылдар бою Бишкек шаарындагы кафе-ресторандарда администратор болгон.

Премьер-министрдин маалымат катчысы болуп дайындалганга чейин Кыргызстан партиясынын штабында иштегени белгилүү. Президенттин милдетин Кыргызстан партиясынан талапкер болуп барган Талант Мамытов аткарууда.

Садыр Жапаровдун тышкы саясаттагы иши чабал болуп жатканы айтылып келет, ал ШКУнун лидерлеринин онлайн-жолугушуусунда Россия Президенти Владимир Путинден телефон көтөрүп коюсун суранган.