Домой Блог

Атамбаев бийликтеги эки доско ат койду

Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге депутаттар ат тезегин кургатпай кирип чыгууда. 2019-жылдын август айынан бери күн көрбөй УКМКнын абагында жаткан Атамбаев 47-колонияга көнө түшкөнүн айтышууда.

Лакап ат коюу боюнча астына адам салбаган Атамбаев азыркыларды “заправщиктер” деп коет экен. “Акаев, Бакиевден коркпогон “заправщиктерден” коркомбу”, – деп отурат дейт. Эске салсак, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ишкерлигин канистр менен бензин сатып башташкан, кийин май куюучу заправкаларды иштеткени белгилүү.

Атамбаев учурдагы коомдук-саясий абалдан жакшы кабардар. Президент Садыр Жапаровдун “Атамбаев алып кеткен Кытай карызынан кутулбасак стратегиялык объекттерден айрылып калабыз”, – деп коомчулуктун үрөйүн учуруусуна жооп кылып АкиПресс сайтына “Что мешает плохому танцору?” деген тышкы карыздар боюнча кеңири макаласын жарыялады.

Анда Алмазбек Атамбаев “Четтен алынган кредиттер “Датка – Кемин, Түндүк – Түштүк жолу, Бишкек ТЭЦи сыяктуу ири улуттук-стратегиялык объекттерди курууга, Токтогул, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоого кеткенин, эгер алар салынбаса Кыргызстан энергетикалык көз карандылыкта калмактыгын айткан. Ошондой эле Атамбаев жогорудагы улуттук-стратегиялык объекттерди салуу үчүн анын президенттик тушунда 2 млрд долларга жакын карыз алынган менен Россия, Түркия, Германиянын астындагы 554 миллион доллар карызды кечтиргенин жазган.

Алмазбек Атамбаев ал ажолук кылган 6 жыл ичинде 3.5 млрд доллар грант келгенин, ошол эле Кытай 400 миллион доллар бекер жардам кылганын, Атамбаев учурунда түзүлгөн келишимдин негизинде Кытай грантынын эсебинен Бишкектин жолдору быйыл дагы оңдоло турганын айткан.

“Дары болсун” Төрөбаевге Акаев “укол” сайды

Жогорку Кеңеште жаңы Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгуу боюнча мыйзам каралууда. Жыйын учурунда бийликчил депутаттар менен оппозиция регламентти сактоо боюнча талаша кетти. Депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бакиров, Үмөтаалы Кыдыралиев, Мирлан Бакиров адатынча бийликтин долбоорун апендинин кызындай мактап, регламентти качан эле сактап жүрдүк эле дегенсишти…

Депутат Жанар Акаевдин ар келген бийликке кошомат кыласыңар деген сөзүнө тээриккен Бакыт Төрөбаев триубанага чыгып “Атамбаевдин баласысың” деди эле Жанар Акаев “сыныма чычаласаңыз, дагы бир жолу дары болсун”,-деп жайлады.

Эки адам шашылыш депутат болду

Шайлообек Атазов менен Бурун Аманова Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Алар “Ата Мекен” фракциясында бошогон эки орунга депутат болуп келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы эс алуу күнү болгон жекшембиге карабай эки депутатка мандат бериши таң калууну жаратууда. Көрсө БШКнын шашылыш мандат беришинин сыры бийлик “Референдум жарыялоо тууралуу” мыйзамды үч окууда кабыл алуу үчүн парламенттеги 6 фракциянын макулдугун алыш керек болгон. Бирок, Ата Мекен партиясында жетиштүү добуш топтой албай калып, Шайлообек Атазов менен Бурун Аманаовага эс алуу күнүнө карабай мандат тапшырышты.

 

 

Темирбек Асанбеков: Мигранттар ажону атасын сыйлагандай сыйлаш керек

Бүгүн жаздын биринчи күнү эмеспи, жазда адамдарга сүйүү гана келбей желдеп да калат. Мекен Ынтымагы партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун Президент Садыр Жапаровго сүйүүсү ойгонгонбу же бир аз желдеп калганбы, айтор, бүгүн таң эрте Биринчи радионун түз эфиринде мигранттар жөнүндө сүйлөп жатып, “Мигранттар ажону атасын сыйлагандай сыйлаш керек”,-деди.

Бюджети жыртык Кыргызстанга жылына 2 млрд доллар которуп, мекенинен алыста тентип жүргөн мигранттар эмнеге ажону атасын сыйлагандай сыйлаш керек экени түшүнүксүз. Чачылганды курай албай, ууруларды сурай албай, бир ууч кыргызды дүйнөнүн төрт тарабына таруудай тараткан ажолор эмеспи?

Темирбек Асанбековдун октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Президент Садыр Жапаровго жагынуусу биринчи жолу эмес. Ал буга чейин Баткендеги чегара чатагын чечүүнү талап кылып митингге чыккандарды “Эми Баткен аймагынын эли акүйдүн астына келип жаңжал чыгарып жатса түшүнөт элем, кыйкырып жаткандардын ичинде Бишкекте жашаган, чегарага тийешеси жок адамдар эле саясий курал катары көтөрүп жатканын көрүп жатабыз”, – деген эле Темирбек Асанбеков.

Шайлоомен каймана аты бар Темирбек Асанбековдун ыңгайы келсе-келбесе да Президентке жагынуусунун сыры да белгилүү болуп калды. Көрсө Асанбеков Кыргызстандын ЕАЭБдеги бир министрлигин сурап жаткан экен.

Укмуштуунун төөсү жорго дегендей, Иса Өмүркуловчосунан “аталабай” эле кызматка барса болбойбу? Таң каласың…

Матраимов камалып, “Ынтымак” ыдырап баштадыбы?

Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев башында турган “Ынтымак” партиясы туулбай жатып тууна чөккөнү калды. Бул партияны коомчулук Матраимовдордун долбоору катары таанып баштаса, негизги “демөөрчү” камалган соң партиянын акыбалы оорлой түшкөнсүйт.

Өзгөчө “Ынтымакты” Ош калаасына таанытып, шаардык шайлоого даярдап жаткан дагы бир депутат Нурбек Алимбеков партиядан чыга качканы айтылууда. Алимбековго УКМКдан сигнал келип, Камчыбек Ташиевдин бул партияга көзү түз эмес экени, алдыдагы жарышта акча таратуу айыбы менен бир нече шаарлардан шайлоо жарышынан четтетилери айтылганын ички булактарыбыз билдирди. Ал эми Матраимовдор бул партияны каржылоосун улантабы же токтотобу, азарынча белгисиз.

Ушул эле партиянын дагы бир демөөрчүсүнө Нарында аткезчилик боюнча кылмыш иш даярдалып жатканы тууралуу дагы кептер бар. Камчыкенин каарына калган ашкере “шустрый” балдар чоң саясат менен ойнойм деп жатып, эрте эле белдерин сындырып алышпаса болгону.

Максат ажы Токтомушев муфтийликке талапкерлигин коет

Максат ажы Токтомушев муфтийликке талапкерлигин коет. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду. Ал мындай ниетин кечээ 21-февралда тарапташтары менен жолукканда айткан. Эске салсак, Кыргызстандын экс-муфтийи Максат ажы Токтомушевди УКМК 10-февралда камакка алып, сот аны үй камагына чыгарган.

Муфтияттын башкы бухгалтери 100 миң доллар пара берип жатканында кармалганын жарыялаган.

Муфтияттын айланасындагы чыр-чатак алдыда боло туган муфтий шайлоого байланыштуу тутанганы айтылууда. Дин иштери боюнча президенттин алдындагы мамлекеттик комиссиянын экс-жетекчиси Акин Токталиев муфтий шайлоого Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Арзыбек Бурканов аралашып жатканын айтып чыкты. Президент Токталиевдин айткандарын четке кагып, муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча интервью берген.

Муфтий Максат Токтомушев кызматтан кетти

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев отставкага кетти. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

УКМК 9-февралда муфтияттын башкы бухгалтерин кармап, камакка алды. Ал финансылык мыйзам бузууларды жабуу үчүн УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар пара сунуштап, берип жаткан жеринен кармалган. Муфтият ажыга баруучулар чогулткан акчаны процентке берип иштеткени аныкталган.

Кечээ Максат ажы Токтомушев АкиПреске интервью берип, Президенттин айланасындагы адамдар аны кызматтан кетирүүгө аракет кылып жатат деген эле.

FT: Кыргызстандын жаңы президенти сынчылардын “диктатура” жөнүндөгү дооматтарын четке какты

Садыр Жапаровдун ‘FINANCIAL TIMES’ гезитине берген маеги. 28.01.2021

Садыр Жапаров президенттиктин ыйгарым укуктарын күчөтө турган конституциялык өзгөртүүнү коргоп жатат.

Генри Фой.  Москва 28.01.2021

Кыргызстандын жаңы президенти өзүнүн реформалары менен өлкөнү жеке башкарууга түртөт деген сындарды четке кагып, Борбор Азиядагы жыйырма жылдык саясий туруксуздукту конституциялык реформа аркылуу токтотуп, анын кеңсесинин ыйгарым укуктарын кескин күчөтөт деп убада берди…

Бейшемби күнү расмий түрдө ант берип, кызматына киришкен Садыр Жапаров Financial Times гезитине билдиргендей, 2005-жылдан берки үч ыңкылаптан кийин өлкөдө коррупция менен күрөшүү жана калкты бириктирүү үчүн күчтүү лидер керек.

“Бул жерде жоопкерчилик маселеси. Президентке көбүрөөк ыйгарым укук берилиши керек, бирок жоопкерчилик дагы жогору болуш керек”, – деди Жапаров мырза инаугурациясынын алдында берген маегинде.

«Биздин эл президенттик бийликти тандап алды. Ошентип, мындан ары бир адам баардыгы үчүн жооп берет” 

Жапаров мырзанын президенттикке шайланышы адаттан тышкары шартта болду. Былтыр октябрда аны парламенттик шайлоонун бурмаланышына нааразы болгон тарапташтары түрмөдөн бошоткон. Андан кийин нааразы болгондор ошол кездеги президентти кызматтан кетүүгө мажбурлады жана өлкө парламенти Жапаров мырзаны президенттин милдетин аткаруучу кылып дайындады. 

Бул ыңкылап 2005 жана 2010-жылдары шайланган президенттерди кызматттан кетиргендей, бул ирет да ушундай жол менен ишке ашты. Советтер Союзунан көз карандысыздыкка ээ болгон Кыргызстанда 29 жылдын ичинде 30 адам өкмөттү башкарган. 

“Өлкөнүн тарыхында үч революция болуп, алардын бардыгы шайлоонун натыйжаларын бурмалоодон улам болду”, – деди Жапаров мырза. 

«Бирок мындай нерсе кайталанбайт. Төртүнчү революция кабыл алынгыс жана болбойт» – убада берди. 

Жапаров мырза ушул айдын башында расмий түрдө 80 пайыздык колдоо менен шайланды. Ал эми референдумду шайлоочулардын көпчүлүгү өлкөнүн парламенттик республикадан президенттик башкарууга өтүшүн да колдоду. 

Бул жагдай айрым жарандык активисттер, укук коргоо уюмдарынын арасында Жапаров мырза коңшулаш Владимир Путин же Нурсултан Назарбаевдикине окшош режим орнотуп, Кыргызстандын бийлигин Борбор Азиянын постсоветтик аймагында жападан-жалгыз демократиялык башкарууну жок кылат деген кооптонууну жаратты.

“Жарандык коом бизди бийликти узурпациялоого аракет кылып жатат деп айыптап жатат. Бирок, бул негизсиз”, – деди ал. 

«Мен Кыргызстандагы каталарды оңдоо жоопкерчилигин алдым. Мен өзүмө толугу менен ишенем жана диктатурага жол бербейм. Мен демократиялык көз караштагы адаммын. 

«Мен диктатура деген эмне экендигин билем. Мен акыйкатсыздык деген эмне, мыкаачылык менен мыйзамсыздыкты көргөм », – деп кошумчалады ал.

“Жаңы система бир кишинин бийлигин орноткон жок.” Жапаров мырза сынчылардын “кыргыз Трампымын” деп шылдыңдашына жооп кылып күлүп, бирок өзүнүн күчтүү ыйгарым укуктарын коррупцияга каршы кеңири күрөштү баштоого жумшай тургандыгын айтты.

Ал ошондой эле айрым эл аралык шайлоо байкоочуларынын президенттик шайлоодогу атаандаштарынан кыйла ашып түшкөндүгү үчүн айткан сындарын четке кагып, башка талапкерлер шайлоодо аз гана каражат жумшаганы үчүн чечими бурмаланды деп билдирди.

“Мен Дональд Трамптын эмне деп айтканын билбейм, бирок мен өз оюм менен гана бөлүшө алам” деди ал. «Мага чейин коррупция кеңири жайылып, кулач жайган. Бюрократиялык тоскоолдуктар жана пара берүү болгон. Мен паракорчулукту жоюп, бюрократияга чекит коё алам деп ишенем “.

Жапаров мырзанын айтымында, 98 кишиден турган Конституциялык кеңеш жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгып, ал референдумга коюлат. Ал долбоордо президенттик мөөнөт алты жылдан беш жылга чейин кыскартылып , бир адамга эки жолу мөөнөт берилет. Жаңы документ Кыргызстандын светтик республика статусун өзгөртпөйт жана чет элдик инвестицияларды коргоо боюнча бир катар чараларды камтыйт.

Ошондой эле, Жапаров чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу үчүн өлкөдө алгачкы атайын мекеме түзөрүн айтып, өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияны “алмаштыргыс мүмкүнчүлүк” деп атады.

Бул президенттин кескин өзгөрүүсүн билдирет. Анткени буга чейин  Канаданын ири Кумтөр алтын кенин улутташтыруу демилгесинен улам соттолуп, жазага тартылган. 

Бүгүнкү күнү ал улутташтыруу көз караштарды четке кагып: “Андан бери көп нерсе өзгөрдү” деп түшүндүрүүдө.

Кыргызстанда Россиянын аскер базасы жайгашкан, ал эми Москва стратегиялык өнөктөш деп эсептелет. Бирок ал ошондой эле Россия менен региондогу үстөмдүк кылган геосаясий оюнчунун ролун талашып жаткан чыгыш коңшусу Кытай менен ишкердик жана соода байланыштарын кеңейтүүгө аракет кылды.

Жапаров мырза Кытай жана Россия, Борбор Азия өлкөлөрүндө, мисалы, Кыргызстанга таасир этүү жаатында атаандашып жаткандыгы жөнүндө “берилгендиктин белгилери бар экендигин” моюнга алды, бирок атаандаштык “анчалык деле мааниге ээ эмес” деди. 

“Бардык милдеттенмелерибиз аткарылат. Биздин эл аралык өнөктөштөр менен болгон мамилебиз узак мөөнөттүү келечекте туруктуу бойдон калат ”, – деп кошумчалады ал.

8 миллиард долларлык Кыргызстандын экономикасы негизинен Россиядан келген эмгек мигранттарынын акча которууларына таянат. 

Жапаров мырзанын айтымында, анын администрациясы ушул жылы мамлекеттик турак жай жана өкмөт колдогон инвестициялык долбоорлор аркылуу четтеги мигранттарды өлкөгө кайтаруу  максатында демилге көтөрөт.

“Тилекке каршы, жогорку потенциалы жана билими бар жаштар, өз билимин, тажрыйбасын жана жөндөмүн колдоно албай, өлкөдөн чыгып кетишет”, – деди ал. “Биз аларды өз мекенине алып келишибиз керек”.

© 2021

Жаныш Бакиевдин аялы Кыргызстанга келди

Кыргызстандын качып кеткен мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин аялы Орозгүл Токторбаева Кыргызстанга келди. Ал менен түшкөн сүрөттү 12 жыл мурун популярдуу болгон “Достор” тобунун ырчысы Айчүрөк Султанова жарыялады. Орозгүл Токторбаева дагы “Достор” тобунда ырдачу.

Орозгүл Токторбаева Кыргызстандан 2010-жылы 7-апрелден кийин чыгып кеткен.

Жаныш Бакиев Кыргызстанда сыртынан соттолгон. Ага бир катар адамдарды өлтүрүүнү уюштурган деп күнөө коюлган.

Нуржигит Кадырбековдун сунушу четке кагылды

Президенттик аппарат Маданият министри Нуржигит Кадырбековдун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистти Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу боюнча сунушун карап көрүп, негиз жок деп тапты.

Президенттик аппараттын министр Кадырбековго жообунда,

Жазык кодексинин 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан төмөнкүлөр кошумча жаза катары колдонулушу мүмкүн:

  • Кызмат абалынан же кызматтык абалда берилген мүмкүндүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасаган учурда – атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу
  •  оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда  – мамлекеттик сыйлыктан ажыратуу.

Жогорудагы жазылгандын негизинде Эмгек сиңирген артист Кайрат Примбердиевди наамдан ажыратууга негиз жок деп табышкан.

Эске салак, ютубдагы чуулу видео-тасмадан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратып, Примбердиев боюнча Президенттик аппаратка сунуш жолдогон.