Домой Саясат Акылбек Жапаров кайрадан Садыр Жапаровдун кеңешчиси

Акылбек Жапаров кайрадан Садыр Жапаровдун кеңешчиси

Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Жапаров Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун кайрадан кеңешчиси. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.

Акылбек Жапаров экономика жаатындагы стратегиясын, шайлоо программасын жазып берип жатканы белгилүү болду. Негизинен “Кыргыз алтын” ишканасы, алтын-валюта кору, Кумтөрдөгү Кыргызстандын акциясы боюнча иш алып барууда.

Анткен менен Акылбек Жапаров кеңешчилик кылып жатканын калп деп атады.

Акылбек Жапаров октябрь айынын  башында Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекиген соң кеңешчи болуп дайындалган. Бирок, коомчулуктун сыны жана КСДПчы Темирлан Султанбеков менен Азаттыктагы дебаттан кийин Садыр Жапаров кеңешчиликтен кетирген.

Акылбек Жапаров буга чейин финансы, экономика министри болуп иштеген, 2009-жылы Кумтөр боюнча келишим Парламенттен ратификация өтүп, ал Конституциялык соттон корутунду алган учурда Экономика министри андан соң Биринчи-вице-премьер-министр болуп турган.