Домой Саясат АКШ Матраимов ишине көз салып жатканын туюнтту

АКШ Матраимов ишине көз салып жатканын туюнтту

АКШ элчилиги УКМКнын Матраимовдун ишин иликтөөсүнө эми коррупциялашкан шериктери кирет деп ишенет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги твиттердеги официалдуу баракчасына жазды.

“Тергөө жана өкүм – уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин нанын уурдагандарды адилеттүү жоопко тартууга өбөлгө түзөт”,- деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, УКМК Бажы кызматынын мурдагы орун басары Раим Матраимов боюнча тергөө уланып жатканын жана коррупциялык схемага катышкан башка дагы кызмат адамдары аныкталганын жарыялаган.

Раим Матраимов өткөн айда УКМК тарабынан кармалган, ал тергөө менен кызматташууга макул болуп, ноябрь айынын аягына чейин 2 миллиард сом төгүп берүүнү убадалаган.

АКШ элчилиги кримавторитет Камчы Көлбаевдин кармалуусун кубануу менен кабыл алган билдирүү да тараткан.